• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ат-Башыда ирригациялык ири долбоор ишке ашырылууда. 2,3 миң гектардан ашык жер сугат суусу менен камсыздалат

Президент 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Ат-Башы районунун эң алыскы жеринде жайгашкан Казыбек айыл өкмөтүндөгү ирригациялык каналдарды оңдоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев учурда Баш-Келтебек жана Кытат каналдарындагы суунун көлөмү 1,5 куб метрди түзөрүн, бул көлөм 2,3 миң гектардан ашык жерди толук сугарууга жетишсиз экенин маалымдады.

Маселени чечүү үчүн Дүйнөлүк банктын жалпы суммасы 57 миллион сомду түзгөн долбоорунун алкагында бул каналдарды оңдоо иштери жүрүүдө.

Долбоор 2021-жылы толук ишке ашырылышы менен, бул каналдардагы суунун көлөмү 2 куб метрге көбөйөт жана 2,3 миң гектардан ашык жер сугат суусунун жетиштүү көлөмү менен толук камсыз болот.

Ошондой эле Көкүмбек Таштаналиев суу менен камсыз кылуу аянтын 1 миң гектарга чейин көбөйтө турган Ички Таш-Рабат сугат каналын оңдоо боюнча пландар жөнүндө айтып берди.

Бүгүнкү күндө аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда, аны Ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын үчүнчү этабынын алкагында 2026-жылга чейин ишке ашыруу каралган.

Президент менен баарлашууда жергиликтүү тургундар таза суу, бала бакча, ички жолдордун абалы тууралуу көйгөйлөр, орто мектептердин директорлорун ротациялоо зарылдыгы маселелерин айтышты.

Ошондой эле алар үч райондун жашоочулары колдонгон жана мал жайыты үчүн пайдаланылган Ак-Сай өрөөнүндөгү көпүрөнүн авариялык абалына да токтолушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков тийиштүү түзүмдөр айтылган маселелердин бардыгын текшерип чыгарын белгиледи.

Ал ирригация жана сууну пайдалануу тутумун өркүндөтүү боюнча долбоорлор мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналарын кошумчалады.

«Ирригациялык инфратүзүмдү оңдоо жана түзүү аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртат, жергиликтүү элдин жашоо деңгээлин жогорулатат, жаңы жумуш орундарын ачат жана эмгек миграциясын кыскартат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейин Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы 3 этаптан турат, анын ичинен экөө 2024-жылдын соңуна чейин ишке ашырылат.

Бул аралыкта 31 суу чарба объектилерин ишке берүү пландалууда. Натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот, 46 миң гектар жердин суу менен камсыз болуусу жакшырат. 2020-жылы 1700 га жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү пландалууда.

Ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттик каражаттардан сырткары, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн жана донорлордун, көбүнчө грант түрүндөгү каражаттары активдүү тартылууда.

Пикир

Оставить комментарий