• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы жарандар өз мүлкүнө маалыматтык эсеп бериши керектигин эскертти

Экономика 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Жарандар мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди толтуруп, салык органына тапшыруусу керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Билдирүүгө ылайык, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, 1-майга чейин жеке жактар маалыматтык эсептерди берүүгө тийиш.

Жарандар Salyk.kg сайтындагы “жеке кабинет” аркылуу электрондук түрдө же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшырса болот. Ошондой эле тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен тапшырык кат аркылуу почта менен жөнөтүүгө болот.

Маалыматтык эсепти өз убагында бербегендиги үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан жана 116 номери аркылуу же салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий