• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Манас" аэропортунун туунду компаниясы атайын техникаларды сатып алды

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. "Манас Менеджмент Компаниясы" жабык акционердик коому электр жүк көтөргүч, электр трактор жана эки дизелдик трактор сатып алды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

"Манас Менеджмент Компаниясынын" башчы директору Улан Барктабасовдун айтымында, бардык атайын техникалар компаниянын өздүк каражатына сатып алынган.

"Аба жүктөрүн ыкчам иштетүү жана тейлөөнү жакшыртуу үчүн жаңы заманбап жабдууларды алдык. Ошондой эле 2023-жылы компаниянын жеке каражатына VIP залда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн эки жүк ташуучу лента жана Toyota Hiace үлгүсүндөгү кичиавтобус сатылып алынды", - деген Барктабасов.

Маалымат үчүн: "Манас Менеджмент Компаниясы" ЖАК "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын туунду компаниясы, анын ишинин негизги максаттарынын бири – КМШ өлкөлөрүн Борбордук Азиянын, Тынч океан аймагынын, Алыскы Чыгыш жана Европанын рыноктору менен байланыштырган аэропортту бириктирүүчү хаб үчүн шарттарды түзүү. "Манас Менеджмент Компаниясы" ЖАКтын курамына учактарды эффективдүү жана өз убагында тейлөө үчүн бардык керектүү адистештирилген жабдуулар менен жабдылган аба жүктөрдү жана борттогу тамактануу борбору кирет.

Пикир

Оставить комментарий