• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте “Өз багыңды отургуз” акциясы башталды

Коом 0

Бишкек, 21.03.18 /Кабар/. 21-март – Нооруз майрамы күнүндө Эл аралык токой күнү белгиленет. Анын негизги милдети калкты токойлорду сактоонун планетанын жашоочуларынын жашоосундагы маанилүүлүгү тууралуу маалымдоо болуп саналат.

Бул күнү дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө токойлорду жана бак-дарактарды коргоого багытталган акциялар жана иш-чаралар өткөрүлөт.

Мындай иш-чара катары Бишкекте 5 күндүк “Өз багыңды отургуз” акциясы башталды. 21нен 25-мартка чейин уланган акцияга бактарды, бадалдарды бакчаларга, мектептердин жана башка мекемелердин жанында биргелешип отургузууну камтый турганын БУУ ӨП глобалдык маанилүү био ар түрдүүлүктү сактоо боюнча долбоорунун маалыматтык колдоо консультанты Рита Тынаева билдирди.

Акциянын демилгечилери жыл бою кам көрүп, сугарып турууну эске алуу менен отургузууга чакырат. Бул ишке көп адамдарды тартуу үчүн отургузуу учурундагы сүрөттөрдү “Жашыл Бишкек” хэштеги менен жүктөп турууну сунушташат.

Демилгечилер белгилешкендей, жашыл өсүмдүктөр шаардын жашоосунун маанилүү бөлүгү, ден соолукка жагымдуу микроклиматты түзүп, абаны тазалоочу жана шаардын көркүн түзүүчү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий