• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жеңилдетилген карталарды колдонуу: Бишкекте коомдук транспортто көзөмөл күчөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Бишкекте “Тулпар” системасынын адистери жеңилдетилген карталарды колдонууга активдүү көзөмөл жүргүзүүдө.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, адистер 10 күндүн ичинде борбор калаадагы 2 миңден ашык автобус жана троллейбустарды ийгиликтүү текшерүүдөн өткөрдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 12 жеке менчик жана мектеп карталары мыйзамсыз пайдаланылгандыгы аныкталган.

Белгилей кетсек, КР колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, контролерлор картанын туура эмес пайдаланылганы аныкталса, аны алып коюуга мыйзамдуу укугу бар. Ошондой эле мындай карталар дароо блоктолот.

Борбор калаанын мэриясы жүргүнчүлөргө транспортко кирүүдө жол кире акысын төлөп, контролерлор менен түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн валидатордогу жашыл белгини күтүү зарылдыгын эскертет.

Киргизилген жаңы тарифке ылайык, автобус жана троллейбустарда жол кире баасы накталай эмес төлөмдөр үчүн 17 сом, накталай төлөмдөр үчүн 20 сом. Накталай акча менен төлөөдө айдоочудан талон берүү талап кылынат, ал жолдун аягына чейин сакталууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий