• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.05.23./Кабар/. Бүгүн, 2-майда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-майда саат 10:00дөн 23:00гө чейин 11-кичирайондогу таза суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу Аламүдүн дарыясы, Ахунбаев, 7-Апрель көчөлөрү, Көк-Жар айылынын төмөнкү бөлүгү, Көк-Жар, Улан-1, Улан-2 кичирайондору, Көк-Жар конушу менен чектелген аймакта суу болбойт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий