• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Миграция кызматы базарлардагы радио түйүндөр аркылуу берилген чет өлкөдөгү жумуш тууралуу жарыяларга ишенбөөгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Мамлекеттик миграция кызматы кыргызстандыктарды базарлардагы радио түйүндөр аркылуу берилген чет өлкөдөгү жакшы жумуштар тууралуу жарыяларга ишенбөөгө чакырат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Ал кыргызстандыктар өздөрүнүн айылдаштарын жана туугандарын саткан учурлар тууралуу эскертти.

Анын пикиринде, баары адам сатуу менен башка кап кийгизип, алып кете турган кылмыштык топ алектенет деп элестетишет. Бирок чындыгында андай эмес.

“Адам сатуу көйгөйү жарандар өздөрү өлкөдөн чыгып кетүү алдында укуктарын билбегендиктен, бара турган өлкөсүнүн эмгек шарттары, мыйзамдары менен таанышып чыкпагандыктан келип чыгат. Учурда башка өлкөлөрдө жаман иштер менен алектенген жарандарыбыз аз эмес”, - деди Токтоболотов.

Ал Москвадагы өкүлчүлүктө иштеп жүргөндө 20-30 адам эмгек кулчулугуна сатылып кеткендигин айтып кайрылышкан. Алар базардагы радио түйүн аркылуу жумушка орношкондугу белгилүү болгон.

“Биздин жарандардын катасы - базарлардагы радио түйүндөр аркылуу жумушка орношуу тууралуу жарыялаган адамдарга ишенип алуусу. Алар курулуш иштеринде же башка тармактарда тажрыйбасы жок болсо да, Россияга жөнөшөт. Ал жактан айлык акысын ала албай көйгөйлөргө туш болушат. Аларга жол киресин, тамак-ашын төлөгөн жумуш берүүчү иштөөгө мажбурлап, келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылышат. Мигранттарда андай акча жок болгондуктан, төлөп бере алышпайт. Жумуш берүүчүлөр алар келтирилген зыянды төлөп бермейинче паспортторун алып коюшат”, - деди ал.

Анын айтымында, адам сатуу менен жакшы жумуш таап берүүгө убада берип базарларда адамдарды чогулткан мекендештер алектенишет.

“Бул иш менен курмандыктардын айылдаштары же туугандары алектенген бир нече факт катталган. Биздин жарандарга акча табууга башка өлкөгө кетүүнү сунуштап жаткан фирма тууралуу биздин ыкчам байланыш линияларына чалуудан мурун жадакалса туугандарына жана жакындарына ишенбөөнү кеңеш берет элем. Жарандарды маалыматты текшерүүгө чакырам. Ыкчам байланыш кызматтарынын номерлери – 1899 – адам сатуу маселелери боюнча, 1977 – миграция маселелери боюнча”, - деди Токтоболотов.

Пикир

Оставить комментарий