• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тянь-Шань жана Памир тоолорунан келген суулар 10-30% азайышы мүмкүн

Коом 0

Ташкент, 03.04.19. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Тянь-Шань жана Памир тоолорунан келген суулар 10-20-жылдын ичинде 10-30% азайышы мүмкүн. Бул тууралуу Ташкенттеги Климаттын өзгөрүү маселелери боюнча Борбор-Азиялык конференциясында Борбор Азиядагы аймактык тоо борборунун директору Ысмайыл Даиров билдирди.

Ал белгилегендей, Борбор Азияда өлкөлөрүндө учурда элдин саны өсүүдө.

"Канткен менен Тянь-Шань жана Памир тоолорунан Сырдарыя жана Амударыялары менен келип жаткан суулар чектелүү. Биздин прогноздор боюнча, 10-20-жылдан кийин суу башаты 10-30% азайышы мүмкүн. Калктын саны өсүп жатат. Ага жараша суу көп талап кылынат", - деди ал.

"Адамдардын, мектеп окуучусу, студенттер гана эмес чиновниктердин да аң-сезимин өзгөртүү керек. Себеби, алар ушул пландардын баарын иштеп чыгышат", - деп кошумчалады Даиров.

Пикир

Оставить комментарий