• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто эркектер жана ардагерлер арасында эл аралык мелдеш өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарындагы “Кыргыз-Иран достугу” спорт комплексинде эркектер жана ардагерлер арасында "Алыш" белбоо күрөшү боюнча эл аралык турниринин ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бүткүл дүйнөлүк "Алыш" федерациясынын президенти Баяман уулу Адилет, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Мелдешке Өзбекстандын жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 100дөн ашык спортчу катышууда. Спортчулар 9 салмак категориясы боюнча күч сынашат.

Жеңүүчүлөр медаль, диплом, акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.

Пикир

Оставить комментарий