• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош жазгы жеңил атлетика боюнча жарышка 3 миңге жакын адам катышты

Аймак 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында борбордук аянтында жеңил атлетика боюнча массалык жарыш болуп өттү.

Ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоону жайылтууга багытталган иш-чаранын ачылышына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитенинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жаштар, спортчулар, катышты.

Нурбек Кадыров, мэрия спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ар дайым колдоо көрсөтүп келерин белгилеп, жалпы шаардыктарды жана жаштарды спорт менен машыгууга чакырды.

Жарыш бардык каалоочулар арасында 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта өткөрүлдү.

Жарыш 16 категорияга бөлүнүп, жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, баалуу белектери менен сыйланышты.

Спорттук иш-чарага 14 жаштан 74 жашка чейинки (эркектер) жана 14 жаштан 66 жашка чейинки (аялдар) катышты.

Пикир

Оставить комментарий