• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда алтын сертификат алган мектеп бүтүрүүчүлөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Ош облусунда жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, алтын сертификатка ээ болгон эки бүтүрүүчүгө Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев өзүнүн фондунан ноутбук, мектеп директорлоруна 10 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырган. Ал эми "Алтын тамга" ээлерине жана Республикалык окуучулардын олимпиадасынан баш байге алган 23 окуучуга смартфон белек кылды.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, иш-чарага жети райондон 25 бала катышты.

Белгилей кетсек, быйыл жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган 53 бүтүрүүчү алтын сертификатка татыктуу болду. Эң жогору упайды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Э.Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алды. Анын баллы - 229.

Пикир

Оставить комментарий