• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Анкарадагы “ОСТИМ” өнөр жай аймагына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын “ОСТИМ” биргелешкен өнөр жай аймагынын башкаруучу кеңешинин директору Орхан Айдын менен жолукту.

Жолугушуу министрлер кабинетинин төрагасынын Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында өтүп, анда чакан жана орто ишканалардын ишмердүүлүгү тууралуу презентация берилди.

Маалыматка ылайык “ОСТИМ” биргелешкен өнөр жай аймагы 5 млн чарчы метр аянтты ээлейт. Мында 6,5 миң чакан жана орто өнөр жай ишканалары жайгашып, анда 65 миң адам эмгектенет. Алар коргонуу, авиация, медицина, курулуш, энергетика жана маалымат технологиялары сыяктуу 139 багытта иш алып барат.

Министерлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан “ОСТИМ” өнөр жай аймагынын тажрыйбаларын алууга жана түрк ишкерлеринин иш жүргүзүүсүнө өлкөдө бардык инфраструктура даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, кыргыз-түрк бизнес форумунун алкагында Кыргызстандын Чүй, Баткен облустарында бул сыяктуу экономикалык өндүрүш аймактарын куруу боюнча эки тараптуу келишимдерге да кол коюлду.

Өз кезегинде Орхан Айдын “ОСТИМ” биргелешкен өнөр жай аймагынын ишкерлери Кыргызстандагы жергиликтүү ишкерлер менен кызматташууга ар дайым кызыкдар экендигин билдирди.

Акылбек Жапаров ошондой эле “ОСТИМ” кесиптик техникалык окуу жайына барды. Окуу жайдын өзгөчүлүгү студенттер окууну аяктаары менен жумуш менен камсыз болот. Анткени “ОСТИМ” биргелешкен өнөр жай аймагындагы ишканаларга керектүү адистерди даярдайт.

Министерлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетика жана IT-технология тармактарында адистерди биргеликте даярдоо сунушун киргизди.

Пикир

Оставить комментарий