• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаштар парламентине салым кошкон ар тармактын өкүлдөрү сыйланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев жаш активисттерден куралган жаштар парламентине ар тараптуу колдоо көрсөткөн түрдүү кесип ээлерине Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттарын тапшырды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

«Жаш лидерлер Сиздердин тармактарда тажрыйба топтоп, билимин бир топ тереңдетти. Күч органдарында, медицина же маданият тармагы болобу жаштарга мол тажрыйбаңыздар менен бөлүшүп, келечегине даңгыр жол ачууга салым кошконуңуздар үчүн алкыш»,- деди эл өкүлү өз сөзүндө.

Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттары жалпысы болуп жыйырма адамга тапшырылды. Жаштар парламенти өз алдынча түзүлүп, Жогорку Кеңеш менен тыгыз иш алып барып келет.

Пикир

Оставить комментарий