• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин депутаттары ТүркПА комиссиясынын отурумдарына катышууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшаркан Култаева жана Гуля Кожокулова Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын адистешкен комиссияларынын жыйналышына катышууда.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйын 22-23-ноябрда Анталия шаарында өтүүдө.

"Гендердик теңчиликтин камсыздалышы жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" темасынын алкагындагы конференцияга Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түндүк Кипр жана Түркиянын парламент мүчөлөрүнөн турган делегациялар катышып жатат. Жыйындын башында ар бир делегация сөз сүйлөп, гендердик теңчилик боюнча маанилүү темаларга токтолушту.

Депутат Гүлшаркан Култаева өз сөзүндө Кыргызстанда ишке ашып жаткан гендердик саясаттын максаттарын айтып берди.

“Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы өзүнө гендердик багыттагы максаттарды, милдеттерди жана чараларды камтыйт. Стратегияда Кыргызстанда саясий, экономикалык жана коомдук турмушта кабыл алынган чечимдердин бардык деңгээлдеринде аялдардын башкарууга толук кандуу жана тең укуктуу катышуусу камсыз кылынды. Гендердик теңчиликке жетишүүгө жана аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы дисбалансты жоюуга багытталган мамлекеттик программалар ишке ашырылууда”, - деди депутат.

Ошондой эле Гүлшаркан Култаева үстүбүздөгү жылы зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн башталышы 24-ноябрда “Аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга инвестиция кылыңыз” деген ураан астында өтөрүн жана биринчи кезекте зомбулукту токтотуу үчүн ар кандай алдын алуу стратегияларын каржылоо маанилүүлү экендигин белгиледи.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынын Гендердик теңдик комитетинин төрайымы Чигдем Эрдоган Атабектин жетекчилиги менен өтүп жаткан конференциянын кийинки бөлүгүндө гендердик теңчиликтин толук түрдө камсыздалышында аялдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн мааниси жана ТүркПАга мүчө өлкөлөрдө жасалып жаткан иштер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий