• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Талант Мамытов Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин отурумдарына катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келген Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов катышты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү.

Талант Мамытов тарыхый байланышы терең эки элди маданий, салттык окшоштуктар жана орток руханий баалуулуктар жакындатып турарын белгилеп: "Мамлекеттерибиз ортосунда достукка жана өз ара ишенимге негизделген байланыш жигердүү улантылып келет. Биз ар дайым жолугушуп, маанилүү маселелер боюнча пикир алмашып жүрөбүз. Анткени, ушундай жолугушуулар кыргыз-азербайжан кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрү анык", - деди.

Ошондой эле маданий-гуманитардык алакалар тууралуу да сөз кылган Талант Мамытов "Азербайжан-Кыргызстан" Достук паркынын жана Г.Алиев атындагы мектептин курулушу боюнча долбоорлорго токтолду.

Андан тышкары, президент Садыр Жапаровдун Азербайжандагы расмий иш сапарынын алкагында жемиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн эске салган Талант Мамытов: "Анда бир катар маанилүү документтерге кол коюлуп, өлкө башчылары тарабынан кызматташтыктын негизги багыттары аныкталган", - деп кошумчалады.

Өз кезегинде Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова эки тараптуу диалог жана ТүркПА баштаган эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыш боордош элдин достугун чыңдоодогу негизги факторлор экенин белгиледи. Муну менен катар төрайым экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу зарылчылыгына токтолду.

Эскерте кетсек, эртең, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму болот. Иш-чаранын алкагында бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жыйынга чакырылган парламенттик делегациялардын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий