• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында чек арачы Нурсултан Жаныбековдун ысымы ыйгарылган сквердин айланасы жарыктандырылды

Аймак 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. 2022-жылдын сентябрында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон "Бөрү" атайын чек ара кызматынын кызматкери Нурсултан Жаныбековдун ысымы ыйгарылган сквер жарыктандырылды.

Мэриядан билдиришкендей, Нарын шаарынын Мазар булак аймагында жайгашкан сквердин айланасы Нурсултан Жаныбековдун үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгү менен жарыктандырылды.

Аталган сквер учурда республикалык дем берүүчү гранттык каражаттын эсебинен толугу менен реконструкцияланып, пайдаланууга берүү алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий