• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тармактык комитетте Камбарата ГЭС-1 долбооруна байланышкан каржылоо жөнүндө макулдашуу каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 19.12.23. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында “2023-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Камбарата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Макулдашуу катты (Гранттык макулдашуу) (Камбарата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам) ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев белгилегендей, каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Макулдашуу катты (Гранттык макулдашуу) ишке ашыруунун максаты – 1860 МВт белгиленген кубаттуулугу болгон Камбарата ГЭС-1 2014-жылы “SNC-Lavalin” (Канада) жана “Энекс” ААК (Россия)” курамында консорциум тарабынан иштелип чыккан куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемени актуалдаштыруу болуп саналат.

Депутат Кундузбек Сулайманов мыйзам долбоорун колдоп, генерациялоочу кубаттуулукту жогорулатуу учурдун талабы экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий