• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Вице-премьер: Жогорку Кеӊештин тапшырмаларын аткаруу алкагында "Кепилдик фонду" түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин токтомунда камтылган тапшырмаларды аткаруу алкагында "Кепилдик фонду" ААКсы түзүлдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров билдирди.

Парламент "Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча КР өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалыматты угуп жатат.

Аскаровдун айтымында, ушул мезгил аралыгында Жогорку Кеӊештин өкмөткө инвестицияларды тартуу жана коргоо жаатында берилген 36 тапшырмасынын 29 аткарылды, дагы 7 аткарылып жатат, бирок айрым бир кыйынчылыктар да жок эмес.

"Жогорку Кеӊештин токтомун аткаруу алкагында «Кепилдик фонду» ачык акционердик коому түзүлдү. 2018-жылдын ичинде 419 кепилдик боюнча 507 млн сом көлөмүндө каражат берилип, 1225 жаӊы жумушчу орду ачылды. Ошону менен бирге, өткөн жылдын жыйынтыгында Кепилдик фонду 25,6 млн сом өлчөмүндө киреше тапты", - деди Аскаров.

Депутат Дастан Бекешев азыр бирдеме кылгандан көрө эчтеме кылбай эле тынч отура бергенден өтөрү жок болуп калганын айтты. Ал өкмөт байкуш эч нерсе чече албай калганын, өлкөдөгү инвестициялык абалды жакшырталы десе, укук коргоо органдары менен сот тутуму анысын аракетин жокко чыгарып салып жатканын кошумчалады.

Депутаттын айтымында, сот органдары чечимдеринин көбүн бюджеттин пайдасына чечип жатканы байкалып турат.

"Өкмөт өлкөдө сот жана укуктук реформалардын ишке ашуусуна аракет жасабаса, инвестициялык абалдын жакшырышы кыйын. Ансыз силердин кол алдыӊарда иштеген кызматкерлер болбогон нерселер үчүн түрмөдө отуруп калат, эгерде эч нерсе жасабаса – аракетсиздиги үчүн отурушат", - деп кошумчалады Бекешев.

Аскаров депутаттын сунушу өкмөттүн мындан аркы ишинде эске алына турганын билдирди.

Депутат Зиядин Жамалдинов азыркы учурда кен концентраттары "Мега инвест өндүрүш" компаниясы Кыргызстандын экономикасына 95 млн доллар инвестиция салып, алтын кенин ылгоочу ишкана куралы десе, өкмөт аларга кайдыгер мамиле жасап жатканын белгиледи.

"Өкмөт менен иштешебиз деген мындай ишкерлерди колдош керек, алар мамлекетке пайда гана алып келет", - деди ал.

Былтыр кен иштетүүгө лицензияларды берүү жол-жоболору убактылуу токтотулганын эске салган вице-премьер-министр "Мега инвест өндүрүш" компаниясы жөнүндө маалыматы жок экенин, эгер инвестиция салса десе, аны менен иштешүүгө даяр экенин билдирди.

"Азыр лицензия боюнча жаӊы жобо кабыл алынды, эгер ал бизге кайрылса, эч кандай деле тоскоолдуктар болбойт", - деди ал.

Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысынын орун басары Карыбек Ибраев ал компаниясы кен ылгоо ишканасын куруудан тышкары, Кадамжай районунда жайгашкан кенди да сурап жатканын билдирди.

"Ал кен конкурстук объект болуп саналат, ал үчүн конкурска катышыш керек. Кен ылгоо ишканасын куруу маселеси боюнча тоскоолдук жок", - деди ал.

Белгилей кетсек, "Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча КР Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтому 2016-жылдын 31-мартында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий