• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Кыргызстандын карамагына калтырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо маселеси каралууда.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишимди жана эки өлкөнүн өкмөтү ортосунда Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлору каралууда.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Орто-Токой суу сактагычы тууралуу айтып кетти.

“Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан жер аянты жана компенсация катары алынган жер аянттары толугу менен Кыргызстандын карамагына калтырылып, жазылды. “Орто-Токой өтүп кетти” деген сөздөрдүн баары калп. Өзүбүздө калды, биздин жер, биздин платинабыз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий