• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК үйлөнүү той, акыркы сапарга узатуу иш-чараларын чектөө боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Жогорку Кеңеш “Үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда колдоду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган мыйзам долбоорун депутат Улукбек Ормонов демилгелеген. Ал долбоордо: той-мааракелерди өткөрүүдө коноктордун саны 100 адамдан ашпоо, үйлөнүү той бир күн ичинде болуп, 200 адамга чейин келиши керек.

Никелешүү боюнча каттоого туруу салтанатына үчтөн ашпаган унаа менен жүрүү каралган. Маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларында бодо мал, жылкы союлбайт.

Той, үй-бүлөлүк салтанаттар жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды дем алыш күндөрү саат 8.00дөн 23.00гө чейин, ал эми иш күндөрү 18.00дөн 22.00гө чейин өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий