• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

СӨФ тарабынан каржыланган Баткендеги 3 мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Сауд Өнүктүрүү фондунун тарабынан каржыланган Баткен облусундагы 3 билим берүү объектилеринин курулушу план боюнча жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, насыялык каражаттын эсебинен Баткен шаарында 375 окуучулук орундуу мектептин, Лейлек районунун Голбо айылында жана Кадамжай районунун Чункур-Кыштак айылында 275 окуучулук орундуу мектептердин курулушу жүргүзүлүүдө.

Аталган объекттердин курулушу 2020-жылы башталып, алардын сметалык наркы 2 млн.918 миң 747 АКШ долларын түзгөн.

Учурда подряддык уюм тарабынан штукатуркалоо иштери, жыгач полдорду коюу, электр орнотмолору, сырткы дубалдарды жылуулоо жана имараттын кирүүчү эшиктерин орнотуу жумуштары аякталууда. Учурда ички жасалгалары, тышкы келбети жана абаттуулугу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Мектептердин курулушун 2021-жылдын аягына чейин бүтүрүүсү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий