• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ботаникалык бакта казак жаранынын 40 миң долларын тоноп кетишкен

Коом 0


Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. Бишкекте ботаникалык бактан Казакстандын жаранынын 40 миң долларын тоноп кетишкен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 10-декабрда Октябрь райондук милициясына Казакстансдын жараны арыз менен кайрылып, 7-декабрда саат 15:00дөр чамасында белгисиз жарандар ага тапанча менен кол салып, жанындагы 40 миң долларын тоноп кеткенин айткан.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен каттоого алынган.

Кол салууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1993-жылы туулган И.И., 1991-жылы туулган Б.Б. жана 1996-жылы туулган Т.У.лар кармалып, 2 айга камакка алынды.

Шектүүлөрдүн биринин жашаган жерин тинтүүгө алганда 5,5 миң доллар, "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча ок-дарылары менен табылып, экспертиза дайындалган.

"Кылмышкерлердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (550) 102-607 же 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий