• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарына 50 электробус, 20 троллейбус сатып алуу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. Ош шаарына 50 электробус алып келип, жаңы троллейбус линиясын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 14-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Ош шаарынын электр коомдук транспортун модернизациялоо” долбоору боюнча Аткнис компаниясынын (Улуу Британия) консультанттары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин, ошондой эле мындан аркы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

ЕРӨБ өкүлү Нургүл Кудранованын айтымында, консультанттар шаардын транспорт системасы, коомдук транспорттун иши менен таанышып, шаардын муктаждыктарын изилдешет. Бул иштердин жыйынтыгы менен Ош шаарынын коомдук транспорт системасынын ишин жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэриясы бул долбоорду ишке ашырууда кызматташууга толук даяр экенин жана консультанттардын иштөөсүнө ар тараптан көмөк көрсөтө турганын белгиледи.

Аткнис компаниясынын директорунун орун басары Виктор Санчез Ош шаарынын калкынын өсүшүнө байланыштуу коомдук транспортту өнүктүрүү маселеси барган сайын актуалдуу болуп жатканын, андыктан консультанттардын жардамында бул долбоор көп жылдар бою натыйжалуу боло турганын кошумчалады.

Эске салсак, Ош шаарынын электр коомдук транспортун модернизациялоо долбоорунун алкагында үчүнчү троллейбус линиясын ишке киргизүү, 50 электробус, 20 троллейбус сатып алуу, тиешелүү инфраструктураны, заряддоо станцияларын куруу иштери пландалууда. Долбоорго ылайык, бул линиянын узундугу бир тарапка 6,3 чакырымды түзүп, каттам шаардын калкы эң жыш жайгашкан Араванская, Кулатов, Анар, Ак-Тилек кичи райондору аркылуу өтөт.

Белгилей кетсек, Ош шаары ЕБРРдин “Жашыл шаарлар” программасына кошулуу ниетин билдирип, анын алкагында “Ош шаарынын электр коомдук транспортун модернизациялоо” долбоору ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий