• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК Жалал-Абад шаарында жалган ишкердик менен алектенген бир топ адамды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жалган ишкердик менен алектенген бир топ адамдар аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарынын бир нече тургундарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренеси (жалган ишкердик) боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган облустун аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү операциялар аныкталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери тергөөгө алынып, алардын мыйзамсыз аракеттери такталган.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фирмалардын контрагенттерине салыктык текшерүүлөр дайындалып, анын жүрүшүндө салыктар кошумча эсептелинет.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий