• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны 1,5 эсеге көбөйдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда бир жумада сасык тумоо жана курс респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен ооругандардын саны 1,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери курс респиратордук вирустук инфекциянын 14 миң 798 учуру жана сасык тумоонун 153 учуру катталды.

“Өткөн жумага салыштырмалуу курс респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын саны 1,5 эсеге көбөйгөнү байкалды. Бардык оорулардын 68,7 пайызы 14 жашка чейинки балдарда катталууда, башкача айтканда 9 миң 669 учурду балдар түзүп жатат. 14-декабрга карата республикада курс респиратордук вирустук инфекциялардын 9 миң 788 учуру жана сасык тумоонун 21 учуру катталды”, - дейт ал.

Баатырова бүгүнкү күндө саламаттык сактоо министрлиги тарабынан профилактикалык иш-чаралар күчөтүлгөн.

“Учурда 130 миң жаран эмдөөдөн өтүп, жалпысынан калктын 83 пайызы эмделди”, - деди министр.

Кыргызстанда оорунун күчөшүнөн улам ооруканаларда жалпы 10 миң 33 орундук даярдалганы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий