• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда милиция кызматкерлери чет элдик жарандарга алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында жашап, иштеп жүргөн чет элдик жарандарга милиция кызматкерлери тарабынан ар дайым алдын алуу иштери жүргүзүлүп турат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жолу Чүй ОИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте Кыргызстан аркылуу Бириккен Араб Эмиратына жана Сауд Аравиясына жумушка чыгып жатышкан чет элдик жарандар менен жана Чүй облусунун аймагында эмгетенип, окуп жүрүшкөн жарандар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүштү.

Милиция кызматкерлери Чүй облусунун баардык аймактарында Афганистан, Пакистан, Индия жана Иран өлкөлөрүнөн келген чет өлкөлүк жарандардын жашаган жерлеринде жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушууда кылмыштуулук жана башка тартип бузууларды алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп, эгерде кандайдыр бир зарыл учурлар болсо байланышуу үчүн жергиликтүү ИИОнун байланыш телефондору берилди.

Пикир

Оставить комментарий