• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

6-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-октябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас облусунда +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көл облусунда +12…+17, Нарында +13…+18 градус жылыйт.

Ал эми Бишкекте +21…+23, Ош шаарында +21…+26 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий