• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэринин орун басары Бельгия элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Бишкек мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков Бельгиянын Кыргызстандагы элчиси Анри Вантигем менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарын жакынкы жылдарда өнүктүрүүнүн негизги долбоорлорун жана пландарын, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү боюнча өз ара мүмкүнчүлүктөрдү жана келечектүү тармактарды талкуулашты.

Мындан тышкары, транспорт тармагын өнүктүрүү жана инженердик тармактарды өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн акылдуу технологияларды киргизүү жагынан ар кандай инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери козголду.

Жолугушууга ошондой эле Валлон экспорт жана чет элдик инвестициялар агенттигинин (AWEX) Чоң Европа боюнча директору Ричард Ив, соода боюнча кеңешчиси (AWEX) Айжан Мусаканова, Бельгиянын Бишкектеги ардактуу консулу, Lorenz юридикалык фирмасынын өнөктөшү Чынара Есенгелдиева, Фламанд аймагынын аймактык менеджери Барт ван ден Босх катышты.

Маалымдама: Бишкек шаары менен Бельгиянын Льеж шаары 2012-жылдын 23-октябрында Бишкек шаарында бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий