• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жазуучу Чынгыз Айтматовдун көрүстөнүнүн түндүгү калыбына келтирилди

Коом 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Элдик жазуучу Чынгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк калыбына келтирилди, деп билдирди коомдук ишмер Ассоль Молдокматова.

Анын айтымында, ал Чынгыз Айтматовдун уулу – Аскар Айтматов менен бирге жазуучу жерге берилген Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, гүлчамбар коюшуп, улуу жазуучуга жана 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондорго багыштап куран окушкан.

«Түндүк бир нече сааттын ичинде калыбына келтирилген. Азыркы учурда ал боёлуп жатат. Түндүккө байланыштуу абал тез арада чечилгени жакшы»,-деп белгилеген Молдокматова.

Мындан мурда социалдык тармактарда жазуучунун сөөгү коюлган корүстөндүн түндүгү алынып, жерге ташталган деген маалымат чоң резонанс жараткан.

Пикир

Оставить комментарий