• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиядагы элчи "РусГидро" акционердик коомунун өкүлү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Ушул жылдын 21-июлунда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат "РусГидро" ПАОнун инженериңти долбоорлоо жана эл аралык кызматташуу боюнча башкы директорунун орун басары Сергей Мачехин менен жолугушуу өткөрдү.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушуунун негизги максаты - "РусГидро" ПАОнун жана "Гидропроект Институту" АК Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорду даярдоодо жана жүзөгө ашырууда мындан ары катышуу маселелерин талкуулоо болду.

Тараптар потенциалды жогорулатуу жана электр энергиясын өндүрүү үчүн Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Жолугушууда Кыргызстандагы бир катар ГЭСтер жана ГЭС каскаддары боюнча актуалдуу маселелерден тышкары, РусГидро тобу аркылуу кызматташууну өркүндөтүүнүн мүмкүн болгон механизмдери, биргелешкен жумушчу топ түзүү, Россиянын делегацияларынын Кыргызстанга пландаштырылган жолугушуулары жана иш сапарлары талкууланды.

Андан тышкары, Кыргызстандын гидроэнергетикалык адистери Россиянын жогорку окуу жайларынын базасында Россиянын технологиялары боюнча стажировкаларды жана окутууларды уюштуруу мүмкүнчүлктөрү талкууланды.

Россия тарап экологиялык стандарттардын жана талаптардын сакталышын эске алуу менен учурдагы макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында биргелешкен жигердүү иш алып барууга даяр экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий