• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК төрагасы өзүнүн аты-жөнүн билбеген Николай Казейкинге паспорт тапшырды

Коом 0


Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Николай Казейкинге Кыргызстандын ID-картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 23-майында Facebook социалдык тармагында КР УКМКнын төрагасынын атына Дядкин Николай Николаевич аттуу жаран Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жарыяланган.

Николай Дядкин өзүнүн кайрылуусунда ата-энесинен эрте ажырап, чыныгы атын билбегендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын паспорттору менен эч качан документтештирилбегендигин белгилеген.

Буга байланыштуу КР улуттук коопсуздук органдары Николай Дядкиндин инсандыгын аныктоо боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүшүп, жыйынтыгында келип түшкөн архивдик материалдардын негизинде улуту орус, Бишкек шаарында 1991-жылы туулган, Казейкин Николай Николаевич экендиги, ата-энеси чындыгында эле эрте каза болгондугу аныкталды. Учурда үй-бүлөлүү, бир кызы бар.

Белгиленгендей, бүгүн, 12-июнунда Камчыбек Ташиев жекеөзү Николай Николаевич Казейкинге Кыргыз Республикасынын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий