• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Ошондой эле 4-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Пикир

Оставить комментарий