• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кумтөр кени 22 жылдан кийин Кыргызстандын менчигине өтүүдө — Нурматов

Коом 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-июлда, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.

Кыргызстандын элчилигинин аймагында тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети, анын ичинде “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын акцияларынын 100%ын «Кыргызалтын» ААКтын пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр тапшырылды.

Юридика илимдеринин кандидаты Темирбек Нурматов кыргыз эли бүгүнкү күндө тарыхый окуяга күбө болуп жатканын айтты.

"Кумтөр кени эң алгачкы келишим боюнча Кыргызстанга 100 пайыз 2000-жылы өтмөк. Мына 22 жылдан кийин маселе чечилип жатат. Кыргызстан юридикалык жактан Кумтөр кенине болгон укугун далилдей алды. Юстиция министрлиги, Жаратылышты коргоо министрлиги чоң тажрыйба алып, эл аралык деңгээлде инвесторлор менен иш алып баруу колубуздан келерин тастыктады", - дейт ал.

Жетишилген келишим төмөнкү пункттарды камтыйт:

  • “Кумтөр” кени толугу менен республиканын менчигине өтөт. Ошол эле учурда Кыргызстан 2021-жылдын 15-майынан тарта кенден өндүрүлгөн алтындын ээси катары таанылат.
  • Мындан тышкары, “Центерра” болжол менен 11 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөйт.
  • Ошондой эле «Центерра» тарабынан кыргыз тарапка 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылды.
  • “Кумтөр” кени боюнча Рекультивациялоо фондун башкаруу Кыргызстанга өтөт, көлөмү болжол менен 53 миллион АКШ доллары. Бул сумма дагы Кыргызстандын банктарынын бириндеги атайын эсепке которулат.
  • «Центерра» кыргыз тарапка каршы демилгеленген бардык соттук териштирүүнү токтотот: АКШда (27-июлда токтотулган), Швецияда жана Канадада (доолорду кайтарып алуу каттары 28-июлда жөнөтүлгөн).

Пикир

Оставить комментарий