• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ТИМ башчысы "Кыргызстандын жаш лидерлери" улуттук долбоорунун катышуучулары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Ушул жылдын 6-июнунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ассоль Модокматова алып барып жаткан "Кыргызстандын жаш лидерлери" улуттук долбоорунун катышуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Молдокматованын айтымында, бул долбоордо Кыргызстандын бардык аймактардын, ар кандай улуттардын жана диндердин өкүлдөрү катышууда.

Өз кезегинде министр Ж. Кулубаев Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын тарыхы, Эгемендүүлүк жылдарындагы жетишкендиктери, дипломаттарыбыздын күнүмдүк турмушу, министрликтин азыркы ишмердүүлүгү жана анын алдында турган Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоо жана алдыга жылдыруу, мамлекет башчысы тарабынан аныкталган тышкы саясатын ишке ашыруу маселелерге токтолду.

Жолугушууда айрым жаш лидерлер министрге суроолорун беришти, тактап айтканда, Баткенден келген мектеп окуучусу Адил Абдурахимов төмөнкүдөй суроо менен кайрылды: Урматтуу министр, сиз Кыргызстандын келечегине ишенесизби?

Ж. Кулубаев жакшы суроо үчүн ыраазычылык билдирип, төмөндөгүлөрдү айтты: "Кыргызстан өткөн жылы Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгиледи жана бул аралыкта татаал, бирок узак жолду басып өттү, демократиялык принциптердин негизинде туруктуу өнүккөн дүйнөлүк коомчулук тарабынан жалпыга таанылган эгемендүү мамлекетти курду. Биздин мамлекет эл аралык аренада өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын ырааттуу түрдө алдыга жылдырып, бүткүл дүйнө боюнча КРнын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бекем коргоп келет.

Бирок, өлкөбүздүн келечектеги ийгилигинин негизги кепилдиги бул – өсүп келе жаткан муундар, алар бүгүнтөн баштап өзүн Ата Мекенине кызмат кылууга даярдап, жакшы окуп, алдына бийик максаттарды коюшу керек”.

Ошондой эле Кыргызстандын жаш лидерлерине КР Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына карата даярдалган Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын тарыхы жана өнүгүүсү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда Ассоль Молдокматованын өтүнүчү менен эстелик сүрөткө түшүштү.

Пикир

Оставить комментарий