• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте туруктуу жашаган жери жок жарандарга жылуу кийим таратылды

Коом 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн баш калкалоочу жайдын жашоочуларына гуманитардык жардам катары жылуу кийимдер таратылды.

Свердлов райондук акимчилигинен билдиришкендей, жеринде флюро текшерүү, дарыгерлердин консультациялары уюштурулду.

Ошондой эле район башчысы Алтынбек Кутманов баш калкалоочу жайга барып, алардын жашоо шарттары, тамак-ашы, бөлмө температурасы менен таанышты.

Эскерте кетсек, аталган баш калкалоочу жай 40 орунга ылайыкташып, жашоочулар бир маал ысык тамак менен камсыздалып, аймактык ҮМБлар системалуу түрдө керектүү медициналык жардам көрсөтөт.

"Муктаж болгондор өздөрү баш калкалоочу жайга келсе болот, же аларды укук коргоо кызматкерлери, тез жардам кызматкерлери жеткирет", - деп белгилешти акимчиликтен.

Пикир

Оставить комментарий