• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

21-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 21-майда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн.

Тоолуу райондордо айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26,

Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,

Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20 градус болот.

Бүгүн Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 24…26 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий