• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Табигый кырсыктардын тобокелдиги жогору. ӨКМ кыймылсыз мүлктү камсыздандырууну сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыймылсыз мүлктү камсыздандырууну сунуштайт.

Ведомствонун басма сөз кызматы кабарлагандай, өлкө аймагы тоолуу келип, климаттык шарттары өзгөрүлмөлүү болгондуктан кээ бир аймактарда суу ташып, сел, топон суу каптоо, жер көчкү жүрүү, жер титирөө тобокелчиликтери жогору.

Ошол себептен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ар бир жаран турак жайын, бардык кыймылсыз мүлктөрүн, автоунааларын боло турган өрт жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууну сунуштайт.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен биргеликте өлкө жарандары кыймылсыз мүлктөрүн өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу ишин алып баруусу зарыл.

Табигый кырсыкка кабылган мүлктүн ордун тургузууда жарандарга алда канча жеңилдик алып келет.

Мүлк ээси табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктарынан тагыраагы: жер титирөө, сел каптоо, суу ташкыны, жер жана кар көчкүлөрүнүн жүрүүсүнөн, бийик тоолордогу табигый көлдөрдүн тосмолорунун жарылуусунан, бурганактан, мөндүр уруудан, катуу шамалдан жана өрт кырсыгынан жабыркаган мүлкүн камсыздандырат.

Толук маалыматты https://gso.kg/ сайтынан алсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий