• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бүгүндөн тарта КТБ жана паспорт бөлүмдөрү штаттык режимде иштеп баштады

Коом 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда 8-январдан тарта Калкты тейлөө борборлору (КТБ) жана паспорт бөлүмдөрү штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Аталган борборлор саат 09:00дөн тарта 18:00гө чейин жарандарды тейлөөдө.

Жарандар өз ыңгайлуулуктары үчүн 119 ыкчам номерине чалып кеп-кеңеш алса болот. Чалуу акысыз. Андан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары EarlyOne тиркемеси аркылуу электрондук кезекке турса болот, бул КТБдагы күтүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, "Балага сүйүнчү" жөлөк пулун жана каза болгондугу тууралуу күбөлүктү тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында жарандар үчүн бул кызматтар мамлекеттик порталда онлайн жеткиликтүү.

"Түндүк" тиркемесинде 150дөн ашык мамлекеттик кызматтар, анын ичинде ар кандай маалымкаттарды жана көчүрмөлөрдү алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бардык жарандарды мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн санариптик чечимдерди колдонууга чакырат, бул убакытты үнөмдөп, документтештирүү жана каттоо процесстерин жөнөкөйлөтөт.

Министрликтин басма сөз кызматынан техникалык иштерге байланыштуу айрым маалымат системаларында үзгүлтүктөр болушу мүмкүндүгүн кошумчалашты.

"Инфоком" мамлекеттик ишканасы пайда болгон көйгөйлөрдү тез арада жоюу боюнча иш алып барууда. Мамлекеттик кызматтардын иши үзгүлтүккө учурабайт.

Пикир

Оставить комментарий