• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мурдагы мэр Кулматовго айып тагылды - УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүнө (Коррупция) ылайык, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы К.Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде TBEA компаниясы тарабынан мектеп курулушу үчүн берген 2 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык каражатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган деп айыпталууда.

Ошондой эле, Кулматов “Альто Групп” ЖЧКнын жетекчилери менен сынактан тышкары келишим түзүп, Кытай компаниясы менен түздөн-түз жеке компаниянын эсебине 1 млн АКШ долларын которгонго жетишкен.

Ошондой эле, Калыс Ордодогу мектептин курулушу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сом бөлүнгөн.

Учурда жеке жалданма компаниясынын жетекчилеринин бири кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий