• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Тажикстандан алынып келе жаткан аткезчилик кургатылган жемиштер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы Тажикстандан келген кургатылган жемиштерди кармады. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун Он Эки-Бел айылында Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери “VolvoFH500” үлгүсүндөгү чиркегичи бар унааны токтотушкан. Аны текшерүүдө Тажикстанда өндүрүлгөн кургатылган жемиштер табылып, алар бажы көзөмөлүнөн өтпөгөнү аныкталган.

Кургатылган жемиштердин наркы 818 550 сом деп бааланган.

Чогулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий