• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ош милициясы Ыдырыс Исаковго кол салуу фактысын иликтеп баштады

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Эркин журналист Ыдырыс Исаков аны бетке чапкан “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директоруна каршы Ош шаардык милициясына арыз жазган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя тууралуу билдирүү бүгүн, 12-июнда болжол менен саат 12:20лар чамасында түшкөн. Анда Асылбек аттуу жаран Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү эс алуу борборлорунун биринчи ызы-чуу болуп жаткандыгын кабарлаган.

Жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, эркин журналист Ыдырыс Исаков менен Ош шаарынын тургуну, 1964-жылы туулган Маматкерим Койчукуловдун ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыккан.

Ы. Исаков өз көрсөтмөсүндө, жогорудагы дарек боюнча журналистик иликтөө жүргүзүп жаткан учурда Маматкерим Койчукулов “Сенин уруксатсыз видеого тартканга укугун барбы?” деп колу менен бетине чаап жибергендигин жана камерага асылып, камеранын микрофонун сындырып койгондугун билдирген.

Ал эми, М. Койчукулов өз көрсөтмөсүндө, өзүн блогер катары тааныштырган Ыдырыс Исаков анын уруксатысыз видеого тарткандыгына байланыштуу ортодо пикир келишпестик пайда болгондугун айткан.

Азыркы учурда И. Исаковдун денесинен алган жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ошондой эле окуяга күбө болгондорду суракка камсыз кылуу максатында тергөө тапшырмасы берилип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий