• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек: Дүкөндө алмаларга катылган 3 килограммга жакын баңгизаты табылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы дүкөндө алмалар салынган кутунун ичинен 3 килограммга жакын баңгизаты табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 22 жаштагы О.Б. аттуу жаранга тиешелүү Бишкектин аймагында жайгашкан дүкөндөрдүн биринде издөө иштерин жүргүздү.

“Алмалар салынган кутунун ичинде 273 даана ширеңкенин ичине ныкталган кочкул-күрөң түстөгү жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар табылган. Алынган заттардын жалпы салмагы 2 кг 874 гр болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле күнү О.Н. кармалып, Ленин райондук милициясына жеткирилген. Аталган жаран алынган заттар ага тиешелүү болгондугун мойнуна алган.

Шектүүгө тергөө абагына кармоо боюнча бөгөт коюу чарасы колдонулган.

Учурда кылмышка катыштыгы бар жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча атайын тергөө аракеттери жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий