• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Айбек Калиев сурак берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Соттук отурумда "Улуттук энергетикалык холдинг" ААКсынын мурдагы башчысы Айбек Калиев сурак берүүдө.

Ал жактоочунун суроолоруна жооп берип жатып, ал бул долбоор канчалык рентабелдүү, экономикалык жактан туура болгонун айтып берди.

"ЖЭБ эч качан экономикалык долбоор болгон эмес. Биз киреше алган жокпуз. Жылуулук жана электр энергия түрүндөгү продукт алдык. Ошондуктан экономикалык жактан туура болгону тууралуу сөз кылууга болбойт. ЖЭБ улуттук энергетикалык коопсуздук менен байланышкан долбоор болгон", - деди ал.

Калиев, кайсы жумушта иштегенин, кайсы кызматтарды ээлегенин, качан жана ким тарабынан дайындалганын айтып берди. Ошондой эле ал, анын кандай милдеттери болгону, кандай документтер менен иштегини тууралуу сөз кылды.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий