• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад милициясы: Жалган билдирүү тараткан адамга кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. "Жалал-Абадда коронавирус жуктурган бейтаптар ооруканадан качышкан" деген жалган маалымат тараткан жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык милициясынан билдиришти.

«21-март күнү «WhatsApp» социалдык тармагы аркылуу белгисиз автор Жалал-Абад облусунун аймагында коронавирус илдети боюнча абал курч экендигин билдирген. Ал өзүнүн үн жазуусунда ооруканалардагы дарыгерлер медициналык беткап жана тиешелүү каражаттар жетишпегендиктен жумуш ордуларын таштап кетип жатканын, Сузак районундагы карантинге алынган аймактан бейтаптар качып чыгып кетишкендигин жана оорулуулардын саны көбөйүп кетерин айткан. Ошондой эле бул үн жазууну «WhatsApp» социалдык тармагы аркылуу группаларга жайылтуу жана КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине жеткирүү керектигин билдирген. Ал мунун себебин Жалал-Абад облусунда коронавирус боюнча маалыматтар так берилбей, жаап-жашырылып жаткандыгы менен түшүндүргөн», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде КРнын Жазык кодексинин 344-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштердин натыйжасында аталган үн жазууну жаздырып, тараткан Жалал-Абад шаарынын тургуну 40 жаштагы Ш.К. экендиги аныкталып, кармалган. Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн ал Жалал-Абад шаардык милициясына өткөрүлүп берилген", -деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад шаардык милициясы, жарандарды жалган маалыматтарды таратпоог чакырат.

Пикир

Оставить комментарий