• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта ишкерди мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-июнда Романовка айылында бескоблок чыгарган ишкананын аймагында зомбулуктун белгилери бар кожоюн - 1982-жылы туулган У.У.нун сөөгү табылгандыгы аныкталган.

Аталган факты Сокулук райондук милицисына каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышты жасоого шектүү катары 1992-жылы туулган Ж.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий