• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде 7 тонна жер семирткичти мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенишкен

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Баткенде 7 тонна минералдык жер семирткичти мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенишкен. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында С.У.З. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter 413 үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерилген. Унаадан Өзбекстанда өндүрүлгөн 70 кап аммиак селитрасы табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 3 тонна 500 кг, баасы 147 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле Д.М.Б. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter 413 үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 3 тонна 500 кг, баасы 147 миң сомду түзгөн аммиак селитрасы аныкталган.

Жүктөрдүн бажылык тариздөөнү өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

2 факт боюнча топтолгон материалдар КККБжБЭБ бөлүмүнүн бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Пикир

Оставить комментарий