• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте күч колдонуп аялдын акчасы менен сөйкөсүн тартып алган киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.18. /Кабар/. Бишкекте бир адам аялдын акчасы менен сөйкөсүн тартып алган. Учурда ал кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди,-деп билдирет Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 20-мартта болжол менен саат 10:00 чамасында көчөлөрдүн биринде белгисиз эркек киши күч колдонуп, акча жана алтын сөйкөсүн уурдап кеткендигин айтып бир аял арыз менен милицияга кайрылган. Жабырлануучуга 10 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракетинин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Ш.Б., аттуу жаран кармалган.

Учурда аталган факты боюнча “Уурулук” беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий