• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери бажы тармагында мыйзам бузуулар боюнча 775 факты аныкталды

Коом 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-февраль айларында бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы тармагында укук бузуулардын жана кылмыштардын 775 фактысы аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- укук бузуулар боюнча 736 иш козголуп, аны кароонун натыйжасында 5,1 млн сом өлчөмүндө айыптар өндүрүлүп, 14,5 млн сом өлчөмүндө КЖК жана алдын алуу иш-чараларынын алкагында бажы төлөмдөрү төлөнгөн;

- кылмыш-жазык фактылары боюнча 39 материал өткөрүлүп, алар боюнча 36,6 млн сом зыяндын орду толтурулган;

- бюджетке кошумча кирешелердин жалпы көлөмү 46 млн сомго көбөйгөн.

Эгерде 2022-жылдын 2 айында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 9,6 млн сомду түзсө, үстүбүздөгү жылдын январь жана февраль айларында бул көрсөткүч 56,3 млн сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий