• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бизге башкалардын жери керек эмес, өзүбүздүкүн дагы бербейбиз – Эдил Осмонбетов

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тажик тараптын чагымчылдыгы экенин жана ал алдын ала пландалганын көрсөттү. Мындай пикирин саясат таануучу, эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча Кыргыз кеңеши башкармалыгынын төрагасы Эдил Осмонбетов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга комментарий берип жатып билдирди.

Саясат таануучунун пикиринде, тажик тараптын максаты Тажикстандын элин ички экономикалык жана башка көйгөйлөрдөн алаксытуу болгон. «Бардык эл аралык рейтингдер боюнча Тажикстан экономикалык жана башка параметрлер боюнча аутсайдер болуп саналат, ошондуктан өлкө геосаясий туңгуюкка кептелди жана көптөгөн маселелер, айрыкча аталган өлкөнүн чек ара маселелерин сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракет кылышпайт»,-деди Кыргыз кеңеши башкармалыгынын төрагасы.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт кыргыз тарап 30 жылдан бери чек ара маселесин эки тараптуу жана өз ара пайдалуу негизде чечүүгө аракет кылып келе жатканына көңүл бурду.

Осмонбетов Кыргызстандын Баткен облусундагы чек арадагы бүгүнкү абал жана өлкөнүн бийлигинин позициясы республиканын улуттук кызыкчылыгына туура келет деп эсептейт.

«Бул кыргыз тараптын аймагы жана «Головной» дагы биздики. Албетте, бул чагымчылдык, ал ага алдын ала даяртар көрүлгөнүн айтып турат»,-деди саясат таануучу.

Ошондой эле, эксперт тажик чек арачылары буга чейин эле минометтерди колдонуп келишкенин, бирок бул жолу авиация жана башка ири куралдар колдонула турган деңгээлге жеткенин эскертти.

«Бизге согуштун кереги жок, биз маселелерди тынчтык менен чечүү жолдорун табышыбыз керек. «Бизге башканыкынын кереги жок, бирок өзүбүздүкүн дагы бербейбиз» деген жакшы лакап бар. Мен бул жаатта кыргыз тараптын позициясы өтө так жана улуттук кызыкчылыкка туура келет деп ойлойм»,-деди Осмонбетов.

Кыргыз кеңеши башкармалыгынын төрагасы азыркы чыңалуунун дагы бир өзгөчолүгүн көрсөттү. «Тажик тарап фейктерди, дипфейктерди, дипломатиялык каналдарды жигердүү колдонуп келет, анда такталбаган маалыматтарды берет, ал кийин эки тараптуу мамилелердин бузулушуна, жаңжалдын курчушуна алып келет. Ошондуктан мен бул токтошу керек деп ойлойм»,-деп сөзүн жыйынтыктады Э.Осмонбетов.

Пикир

Оставить комментарий