• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саат 23:45ке карата чек арадагы ок атышуу токтоду — Чек ара кызматы

Кырсык 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы саат 23:45те карата кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу токтогондугун билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусуна жайгаштырылган бөлүктөрү жана түзүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, күч структураларынын бөлүмдөрү жана укук коргоо органдары менен биргеликте кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий